Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

АКШда бүгүн президентти шайлашат


Барак Обама менен Митт Ромни
Барак Обама менен Митт Ромни
Бүгүн АКШда президенттик шайлоо өтөт. Ага Демократиялык партиянын атынан экинчи ирет Барак Обама ат салышууда. Республикалык партиядан бул ирет мамлекетти башкаруу кызматына Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни көрсөтүлгөн.

Обама өзү өткөн айда алдын ала добушун берген. Кошмо Штаттардын тарыхында бир да президент буга чейин эрте добуш берген эмес эле.

Акыркы бир нече күндөн бери эки талапкер тең “тандоосу аныктала элек” делген штаттарды кыдырып жүрүшөт. Буларда шайлоонун жыйынтыгын көбүнчө алдын ала айтып болбойт.

Коом пикирин билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, андай “позициясы бүдөмүк” штаттардын тогузунда Обаманын жеңишке шансы, атаандашыныкына караганда бир аз көбүрөөк болуп турат.

XS
SM
MD
LG