Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

Грузияда түрмөлөрдүн биринде чыр чыкты


Ксанидеги №15-түрмөдөгү жаңжал, 5-ноябрь, 2012
Ксанидеги №15-түрмөдөгү жаңжал, 5-ноябрь, 2012
Дүйшөмбүгө караган түнү Ксани шаарчасындагы түрмөдө жаткандардын ичинде кеминде 15 адам колониянын жетекчилигин алмаштырууну талап кылып, ооздорун тигип салышты. Алар түрмө жетекчилигин камактагылардын укуктарын бузуп жатат деп айыпташууда.

Түрмөдөгүлөрдүн ондогон тууган-туушкандары ал түнү колониянын имаратына кирүүгө аракет кылып, сакчылар менен кагылыша кетишти. Бир аскер ур-токмоктон жабыркап, ооруканага жаткырылганы кабарланды.

Грузиялык адам укугун коргоочу Георгий Лордкипанидзе ал жайга кирүүгө уруксат алганын, камактагылар жетекчиликти “өтө эле орой” мамилеси үчүн айыптап, анын иштен кетишин талап кылышканын журналисттерге билдирди. Өткөн аптада Рустави шаарында да камактагылардын туугандары түрмөнүн имараты алдына пикетке чыгышкан. Кийинчерээк ошол жаза аткаруу жайынын жетекчилиги алмаштырылган.

XS
SM
MD
LG