Төрт адамдын өмүрүн алган Кара-Суу базарындагы кырсыкка себепкер делген ажаткана кооптуу абалда экени тууралуу эскертме 2008-жылы эле берилген. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облусунун Кара-Суу районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы адиси Нурали Аманов билдирди. Анын айтымында, ажаткананын ээси Муса Апышов архитекторлордун эскертмесине макул болбой, сотко кайрылган. Сот архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын корутундусун мыйзамсыз деген чечим чыгаргандыктан Апышов кооптуу ажаткананы иштете берүүсүн уланткан.
Соңку маалыматтар боюнча, 3-ноябрда Кара-Суу шаарында асты бузулган ажатканага түшүп кетип 4 адам мерт болгон, 12 адам жараат алган. Алтоо ооруканада.
Жабыркагандарга жардам берүү маселеси облустук координациялык жыйында бүгүн чечилет. (SE/RK)