Кыргызстанда сарык оорусуна чалдыккандар көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Эгер былтыр тогуз айда 5774 учур катталган болсо, быйыл тогуз миңге чамалап калды. Дээрлик эки эсе көп. Айрыкча Ош шаарында жана Ош, Баткен жана Чүй облустарында. Негизинен 14 жашка чейинки балдар көп катталууда. Бейтаптардын 80 пайызга жакыны оору күчөп кеткенде гана дарыгерлерге кайрылган. (RK)