Жогорку Сот Камчыбек Ташиевди үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады. Анын айтымында, бүгүн Жогорку Сот буга чейин Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттору чыгарган Ташиевди тергөө абагында калтыруу тууралуу чечимдерин күчүндө калтырды.
"Ата-Журт" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен 5-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына эки айга, 3-декабрга чейин камакка алынган.
Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов ага тагылган айып мыйзамсыз экенин айтып, үй камагына чыгаруу аракетин жасап келди. (RK)