Ушу тапта Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо боюнча маселени талкуулап жатат. Жыйынга катышып отурган кабарчыбыздын айтымында, депутаттар кечээ интернет аркылуу тараган жашыруун тартылган видеотасманы көрүштү. Анда Айсулуу деген келин эки киши менен дасторкон үстүндө сүйлөшүп отурат. Бир катар депутаттар менен байланышта экенин, 11-ноябрда дагы бир ыңкылап болоорун, анда да 2010-жылдагыдай айрым объекттерди тонош керек экенин айтат.
Буга чейин журналисттерге интервьюсунда бул аял талап-тоноого "Ата-Мекен" партиясынын лидерлеринин тапшырмасы боюнча барганын айтып келген. Бирок кечээ тараган видеотасмада ал атамекенчилерге каршы күчтөр менен ымала күткөн адам экенин билдирүүдө. (ZB/RK)