Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Кара-Суу базарындагы кырсыктын себептерин иликтеген топ түзүлдү


Оштун Кара-Суу районундагы Туратали базарында 3-ноябрда болгон кырсыктын себептерин толук жана ар тараптуу иликтөө максатында мекеме аралык тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Баш прокуратурадан кабарлашты.

Төрт адамдын өмүрүн алган Кара-Суу базарындагы кырсыкка себепкер делген ажаткана кооптуу абалда экени тууралуу эскертме 2008-жылы эле берилгенин "Азаттыкка" Ош облусунун Кара-Суу районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы адиси Нурали Аманов бүгүн билдирген. Анын айтымында, ажаткананын ээси Муса Апышов архитекторлордун эскертмесине макул болбой, сотко кайрылган. Сот архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын корутундусун мыйзамсыз деген чечим чыгаргандыктан Апышов кооптуу ажаткананы иштете берүүсүн уланткан.

Соңку маалыматтар боюнча, 3-ноябрда Кара-Суу шаарында асты бузулган ажатканага түшүп кетип 4 адам мерт болгон, 12 адам жараат алган, алардын алтоо ооруканада. (RK)

XS
SM
MD
LG