Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Швейцария Кыргызстанга 80 миллион франк бөлөт

2012-2015-жылдары Швейцария өкмөтү Кыргызстанга жардам иретинде 80 миллион швейцариялык франк бөлүп берет. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы Турсунай Чодурова кабарлады.

Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгы 1993-жылы башталган. Ошондон бери аталган өлкөнүн Өнүктүрүү бюросу аркылуу Кыргызстан 250 миллион швейцариялык франк жардам алды. Бул акча саламаттыкты сактоо тармагына, жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө жана мамлекеттик секторду реформалоого жумшалды.

5-ноябрда Швейцария Бишкекте өз элчилигин ачты. Бир швейцариялык франк болжол менен 50 кыргыз сомуна барабар. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG