Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Чаткалда ымыркайлар өлүмү көбөйүүдө


Жалал-Абад облусунун эң алыскы аймактарынын бири деп эсептелген Чаткал районунда ымыркайлардын өлүмү көбөйдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" облус боюнча саламаттыкты сактоо координатору Маматжан Миянов билдирди.

Былтыр тогуз айда район боюнча бир жашка чейинки беш бөбөк чарчап калган, быйыл ушул эле мезгил аралыгында 10 өлүм катталды.

Медицина кызматкерлеринин пикиринде, ымыркайлардын өлүмүнө дарыгерлердин жетишсиздиги жана ата-энелердин өз ден соолугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылганы себеп болууда.

Мияновдун айтымында, Чаткалга барып иштеп келүү үчүн бир педиатр жиберилди. Эки ай иштегенден кийин анын ордуна башка дарыгер жөнөтүлөт.

Жалпы облус боюнча быйыл тогуз айда ымыркайлардын өлүмү 18,6 промилль болду. Бул төрөлгөн миң бөбөктүн он сегизи чарчап калды дегенди түшүндүрөт. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG