Полициянын жана дарыгерлердин айтымында, бомба салынган унаа Багдаддан 20 чакырымдай түндүктө жайгашкан Тажи деген жердеги аскерий базасынын сыртында жарылган.
Андан кеминде 25 киши кааза таап, 50дөн ашуун адам жаракат алды. Өлгөндөрдүн арасында бир нече аскер кызматчысы да бар.
Иракта кыянатчылыктар өзү 2006-2007-жылдары күчөгөн, бирок адам өмүрүн кыйган кол салуулар азыр да маал-маалы менен болуп турат.
Бүгүнкү жардыруу Тажидеги аскерий базанын аскерлерин акыркы бир сутка ичинде бутага алган экинчи чабуул болду окшойт.
Кечээ, полициянын айтымында, ошол чөлкөмдө бомбаланган унаа жарылганда сегиз жоокер жаракат алган. (UE)