Кыргызстанда Швейцария элчилиги ачылды. Элчиликти ачуу салтанатына Швейцариянын Кантондор кеңешинин президенти Ханс Альтерр катышты.
Ошентип буга чейин Кызматташтык боюнча бюро катары иштеп келген консулдук агенттик элчилик статусуна ээ болду. Аны элчи Лоран Ги жетектейт.
Кыргызстан менен Швейцариянын эки тараптуу кызматташтыгы 1993-жылы башталган. 19 жыл аралыгында Швейцария өкмөтү Кыргызстанга техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам иретинде 250 миллион франк бөлүп берди. Бул акча саламаттыкты сактоо тармагына, жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө жана мамлекеттик секторду реформалоого жумшалды. Бир швейцариялык франк болжол менен 50 кыргыз сомуна барабар.
2012-2015-жылдары Швейцария өкмөтү Кыргызстанга жардам иретинде 80 миллион швейцариялык франк бөлүп берээрин Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы Турсунай Чодурова кабарлады. (RK)