Мындан улам коомдук транспорттун, поезддердин, паромдордун иши токтоду. Мектептер жабык турат.
Баш калаа Афинанын борбордук бөлүгүндө 16 миң киши катышкан демонстрация тынч аяктады.
Бүгүн башталган 48 сааттык иш таштоо аркылуу профсоюздар өкмөттүн үнөмдөө чараларына каршылык билдирүүдө.
Грециянын парламенти эртең өкмөттүн бюджет чыгымдарын кыскартуу жана салыктарды көбөйтүү боюнча планын добушка койгон жатат.
Ал планда каралган каражаттын суммасы 13,5 млрд. евро же 17 миллиард доллар.
Каржы министри Яннис Стурнарас парламенти өлкө банкрот болбош үчүн үнөмдөө чараларын колдоого чакырган.
Мындай кадам Греция Эл аралык валюта кору менен Евробиримдиктин насыясынын кезектеги 31,5 миллиард евросун алуусу үчүн зарыл. (UE)