Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Дамасктагы жардыруулардан кеминде 10 адам мерт болду


Шейшембиде Сириянын борборундагы Кудсая районунда президент Башар ал-Асадды колдогон алавиттер көбүрөөк отурукташкан жерде бир нече жардыруу болду. Андан кеминде 10 адам өлгөнү, 40дан ашуун киши жаракат алганы кабарланууда. Ушул эле күнү Дамаскта парламенттин спикери Жихад Лахамдын бир тууганы Мухаммад Осама Лахамды атып кетишти. Бул – президент Башар ал-Асаддын жакын туугандары жана өкмөт мүчөлөрүнө каршы жасалган соңку чабуулдардын эң акыркысы.

XS
SM
MD
LG