Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Бүгүн Репрессия курмандыктарын эскерүү болот

Эскерүү cаясий репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан “Ата Бейит” мемориалдык-музей комплексинде болот. Анда 1938-жылкы репрессиянын курмандыктарына жана 7-апрелде окко учуп, сөөктөрү Ата-Бейитке коюлган жарандардын арбагына куран окутулуп, мүрзөлөрүнө гүлчамбарлар коюлмакчы. Иш чараны “Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук фонду уюштурат, аталган фонд ошондой эле бүгүн өзүнүн ыктыярчылары менен “Ата Бейитте” тазалоо иштерин да жүргүзүшөт. Бул тууралуу “Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдирди.

Акыркы 5-6 жылдан бери жергиликтүү бейөкмөт уюмдар 7-ноябрды репрессияга кабылгандарды эскерүү күнү катары белгилеп келатышат. «Эл душманы» жарлыгы тагылган кыргыз элинин ошол кездеги чыгаан уулдары, тунгуч агартуучулары 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылып, алардын сөөгү Бишкектин өйдө жагындагы Чоң-Таш айылына жакын жердеги бир чуңкурга чогуу көмүлгөн. Андан элүү үч жылдан соң табылган маркумдардын сөөгү 1991-жылы кайра жерге берилип, бул жай «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси деп аталган.(ZKo)
​
XS
SM
MD
LG