Мындай маалыматты Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Сергей Рапохин кечээ өспүрүмдөрдүн рэкетчилигине байланыштуу тегерек столдо айтты. Анын айтуусунда, бүгүнкү күнү борбор калаада башкалардан акча талап кылып, коркутуп-үркүткөнү үчүн 200 бала милициянын каттоосунда турат. Расмий маалыматтар боюнча Бишкекте 9 ай ичинде өспүрүмдөрдүн 132 рэкетчилик фактысы катталган. Булардын ичинен 60 окуя орто мектептердин окуучуларына, кесиптик окуу жайларда 8, колледжде 2, калган учурлары окубаган балдар тарабынан жасалган.
Кечээ эл аралык, бейөкмөт уюмдар, милиция жана шаардык билим берүү башкармалыгынын катышуусу менен өспүрүмдөрдүн рэкетчилиги маселеси талкууланган. “Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун маалыматы боюнча өспүрүм балдардын бири-бирин тоноп, коркутуп акча талап кылганы жыл өткөн сайын көбөйүп, балдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана психикасына да чоң коркунуч апкелүүдө.
Жаңы окуу жылынын башында Базар-Коргон районунда 10-класстын окуучусу рэкетчиликтин курмандыгы болгон. (ZKo)