Улуттук консерваториянын чоң залында поляк музыканттары концерт берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган окуу-жайдын проректору Екатерина Лузанова билдирди.
Екатерина Лузанованын айтымында, быйыл Кыргызстан менен Польшанын дипломатиялык алакасына 20 жыл толот. 9-ноябрга белгиленген бул маданий иш-чарага поляк пианисти Ионна Лаврынович менен эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү, скрипкачы Барбара Мальколмдун келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Бишкек мэриясына караштуу симфониялык оркестр поляк композиторлорунун чыгармаларын ойноп бермекчи. (ST)