Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Жогорку Кеңеш мектептерде камкордук кеңешин түзүүнү сунуштоодо


Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары социалдык жана билим берүү жайларында камкордук кеңештерин түзүү демилгесин көтөрүүдө. ЖК депутаты Равшан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда бул боюнча мыйзам долбоору даяр. Жакынкы күндөрү жалпы жыйынга сунушталат.

Равшан Жээнбековдун айтымында, камкордук кеңеш 11-15 кишиден туруп, курамына жергиликтүү бийлик, коомдук уюм өкүлдөрү, ишкерлер кирет. Алар билим берүү жана социалдык жайларга көзөмөл жүргүзүү менен демөөрчүлүк, кадр дайындоо милдетин дагы аркалашмакчы. (ST)

XS
SM
MD
LG