Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Барак Обама жеңишин жарыялады


АКШ -- Президент Барак Обама Биринчи леди Мишель Обама жана кыздары менен жеңиши белгилүү болгон алгачкы мүнөттөрдө. Чикаго, 7-ноябрь, 2012.
АКШ -- Президент Барак Обама Биринчи леди Мишель Обама жана кыздары менен жеңиши белгилүү болгон алгачкы мүнөттөрдө. Чикаго, 7-ноябрь, 2012.

АКШдагы президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча, Барак Обама 303 добуш менен атаандашын утуп чыкты.

Флорида штатындагы бюллетендер саналып бүтө электеги жыйынтыктар боюнча Барак Обама 303 добушка ээ болсо, атаандашы Митт Ромни жалпысынан шайлоочулар коллегиясынын 206 добушун алды.

Анын добушу 270тен ашар замат АКШдагы алдыңкы телеканалдар Барак Обама кайрадан өлкө башчылыгына шайланганын кабарлап кирген.


Тасмада: Жеңиш тууралуу алгачкы кабар

АКШ медиасы Обама жеңгенин жарыялады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00


Талапкерлердин кимиси шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 добушун ала алса, ошол жеңишке жетет.

Мындай жыйынтыктан кийин Барак Обама Чикагодогу тарапкерлерине кайрылып, шайлоодо жеңип чыкканын жарыялады:

- Бүгүн ушул шайлоодо, америка эли сапарыбыз узак жана татаал болгону менен, күчүбүздү топтоп, өз жолубузду кайра тапканыбызды эске салды. Кошмо Штаттарды алдыда дагы көп жакшылыктар күтүүдө деп ишенебиз.


Тасмада: Жеңиштен кийинки сөз

Обаманын жеңиштен кийинки сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

АКШ президенттигине ат салышкан республикачыл талапкер Митт Ромни анын алдында утулганын моюнуна алып, атаандашы Барак Обаманы шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Бостон шаарында тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Митт Ромни: "Өлкөбүздү баштаган президент ийгиликтүү болсо экен дейм", - деп айтты.

Тасмада: Жеңилгенди билүү

Утулган талапкер Митт Ромнинин сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00


АКШда президент түз добуш берүү жана штаттар боюнча бөлүнгөн шайлоочулардын коллегиясы аркылуу шайланат. Коллегияга кирген жалпы шайлоочулардын саны - 538.

Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуш АКШнын ар бир штатына жана борбор Вашингтондун калкынын санына жараша бөлүнгөн.

Шайлоочулар коллегиясы 1787-жылы калкы аз штаттар президенттик шайлоого көбүрөөк таасир этүүсү үчүн АКШ Конституциясынын аталары тарабынан ойлоп табылган.

Ошентип 6-ноябрда АКШ тарыхында дагы бир президенттик шайлоо өттү. Бул шайлоодо жеңишке жеткени айтылып жаткан демократ Барак Обама мындан туура төрт жыл мурда, 2008-жылдын 6-ноябрында Республикалык партиянын талапкери Жон Маккейнди утуп, Американын 44-президенти болуп калган эле.

Кениядагы 91 жаштагы чоң эне - Сара Обаманын кубанычы

Обаманын Кениядагы чоң энесинин кубанычы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00


Азыр "эр ортону элүү жаштан" жаңы эле ашкан Барак Обама 1961-жылы 4-августта АКШнын Гавайи штатынын ордо шаары Гонолулуда жарык дүйнөгө келген.

1996-жылы Барак Обама Иллинойс штатынын Сенатына шайланат. Таланттуу жана демилгелүү саясатчы катары өзүн көрсөтө алган Барак Обама сегиз жылдан соң, 2004-жылы Иллинойс штатынан АКШ Сенаты үчүн ийгиликтүү күрөшүп, сенатор болуп калат. Шайлоодо ал 70 пайыздай добуш алган.

Барак Обаманын баскан жолу, өмүр таржымалы тууралуу бул жерден таанышсаңыз болот.




XS
SM
MD
LG