Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Маалымат жана басма сөз күнү менен журналисттерди куттуктап жатып билдирди. Көз карандысыз журналист, маркум Геннадий Павлюктун Бишкектеги эстелигин былтыр уурдалып кеткен. Президент Алматыда мыкаачылык аракеттердин айынан мерт болгон журналистти эске алуу аркылуу сөз эркиндигинин барк-баасын баса белгиледи. Сөз эркиндиги Кыргызстандын башкы байлыгы, бирок, азыр сөз баркталбай жатат деди президент.
Журналисттердин өкүлдөрү менен 6-ноябрдагы бул жолугушууга ошондой эле парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышты. (RK)
Журналисттердин өкүлдөрү менен 6-ноябрдагы бул жолугушууга ошондой эле парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышты. (RK)