Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

"Азаттыкты" куттукташты


Бүгүнкү маалымат жана басма сөз күнүнө карата "Азаттык" куттуктоолорду кабыл алууда.

Үналгынын жалпы жамааты республиканын калкын жана аймактарын табигый кырсыктардан коргоодогу көйгөйлүү маселелерди объективдүү чагылдыргандыгы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамотасы менен, транспорт жана жол тармагына байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыкканы үчүн "Транспорттук альянс" коалициясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

"Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Жумагулов мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасына татыды.

Кабарчылар Элеонора Бейшенбек кызы Ички иштер министрлигинин "Кыргыз милициясына 85 жыл" медалы менен, Рахат Кеңешова Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн" медалы менен сыйланды.

"Азаттыктын" Нарындагы кабарчысы Токтосун Шамбетов облус бийлиги уюштурган "Мыкты журналист" сынагынын жеңүүчү аталып, акчалай сыйлык алды.

Жалпы жамаат сыйлык ээлерин куттуктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG