Ош шаарынын Бабур атындагы өзбек академиялык театрында жаңы сезон ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт. Театрдын жетекчилигинин айтымында, чыгармачыл жамааттын эң мыкты эмгектери көрсөтүлөт. Кечээ “Канышанын көз жашы” драмасы коюлду. 12-ноябрга чейин дагы “Лейли менен Мажнун”, “Жарыктык карылар”, “Жүрөк оорутпайлы”, “Мекеге жол”, “Тозок” жана “Муножат” деген спектаклдер коюлат. (RK)