Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Геннадий Павлюктун эстелиги 10-декабрга карата ачылат


Маркум журналист Геннадий Павлюктун эстелиги 10-декабр - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата калыбына келтирилип, кайрадан ачылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов кабарлады.

Кыргызстандык оппозициялык журналист Павлюк 2009-жылдын 16-декабрында колу-буту байланган бойдон Алматыдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алтынчы кабатынан ыргытылган. Алты күндөн кийин шаардагы ооруканалардын биринде көз жумган. Күнөөлүүлөр сот жазасына тартылышты.

Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкананын жанында 2010-жылдын 8-октябрында орнотулган колодон жасалган эстелик быйыл 21-майда уурдалган.

Кечээ Бишкекте журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Павлюктун эстелиги калыбына келтирилээрин айтты. Мыкаачылык аракеттердин айынан мерт болгон журналистти эске алуу аркылуу сөз эркиндигинин барк-баасын баса белгиледи. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG