Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Грузияда 2 генерал кармалды


Тбилисиде Грузиянын Коргоо министрлигинин эки жогорку жетекчиси кармалды. Алдыңкы күнү болсо түрмөдөгү кыйноолор жаңжалына байланыштуу мурдагы ички иштер министри камалган.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын командачысы Гиорги Каландадзе жана Коргоо министрлигинин генералы Давид Шаматаванын адвокаты маалымдаганына караганда, алар бүгүн эртең менен кармалды, бирок айыбы угузула элек. Ички мекеменин экс-жетекчиси Бачо Ахалайя болсо убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Президент Михаил Саакашвилинин жакын адамы Ахалая сентябрда Тбилиси абагындагы укук бузуулар тартылган тасма тарагандан кийин кызматынан кеткен. Экс-министр ошол окуяга тиешеси бар деген ырастоолорду “абсурд” жана “макоолук” деп атады. Ахалая оппозиция жеңген парламенттик шайлоодон кийин Грузиядан кетип калган. Дүйшөмбүдө мекенине кайтып келип, күнөөсү жоктугун билдирген.

XS
SM
MD
LG