Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Пакистанда 6 жаштагы кызды күйөөгө күчтөп беришүүдө


Пакистандын Сват өрөөнүндө 6 жаштагы кыздын ата-энеси уруу аксакалдары аларды кызын күйөөгө берүүгө күчтөп жатышканын айтышууда. Ашари айылынын аксакалдар кеңеши эки уруунун талашына чекит коюу үчүн Биби Роза атаандаш үй-бүлөдөгү балага турмушка чыгышы керек деген чечим чыгарышкан.

Ата-энеси Сваттын сотуна апелляция беришти, жергиликтүү полиция 11-ноябрга белгиленген никеге жолтоо болууга аракеттенип жатканын маалымдады. Свара - кыздарды кас тараптагыларга күйөөгө берүү менен чырларды жөнгө салуу адаты Сват жана башка бир катар чөлкөмдөрдө көп жолугат. Бирок 6 жаштагы кыздарды күйөөгө берүү учурлар буга чейин өтө аз болгон.

XS
SM
MD
LG