АКШдагы президенттик шайлоодо президент Барак Обама экинчи ирет төрт жылдык мөөнөткө шайланышын дүйнөдөгү көптөгөн лидерлер жылуу кабыл алышты. Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Обаманы кайра шайланышы менен куттуктап, аны Сириядагы согушту тезинен токтотууга, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин кайрадан жандандырууга кечикпей киришүүгө чакырды. Германиянын канцлери Ангела Меркел “Обама менен трансатлантикалык мамилелерди жакшыртуу боюнча иштешээрин” айтты. Израилдин президенти Шимон Перес Обама Ирандын ядролук программасынын коркунучун азайтыш үчүн колдон келгендин баарын жасайт деп ишенээрин билдирди. Мындан сырткары Орусия, Пакистан, Ооганстан, Евробиримдик, НАТОнун жетекчилери да куттуктоолорун жиберишти.