Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:45

Постсоветтик өлкөлөр да Обама жеңгенин жылуу кабыл алды


Грузияда жаңы шайланган премьер-министр Бидзина Иванишвили АКШда Барак Обаманын экинчи президенттик мөөнөтү учурунда Грузия - АКШ мамилелери мурдагыдан да тереңдейт деп ишенээрин айтты. Шаршембиде Тбилисиде сүйлөгөн Иванишвили өткөн айда өз өлкөсүндө болгон шайлоону да эске салып, 2012-жылды “демократтардын жылы” деп атады.

Армениянын президенти Серж Саркиясян Барак Обаманы “шайлоодогу жеңиши менен чын дилден куттуктай турганын” айтып, алдыда Обаманын дагы бир президенттик мөөнөтү учурунда эки өлкөнүн кызматташтыгы “эки тараптын тең элинин кызыкчылыгы үчүн иштейт го деп үмүт кылаарын” айтты.

Азербайжанда оппозиция Обаманын жеңгенине “сүйүнгөнүн”, бирок бул азери мамлекети үчүн эч кандай деле өзгөрүүнү жаратпай турганын белгиледи. “Мусават” партиясынан Иса Гамбар “Азаттыкка” сүйлөп жатып, АКШдагы шайлоо Азербайжандагы саясатка эч кандай таасир этпесе да, муну алар жылуу кабыл алышканын билдирди. Өкмөттү сындаганы үчүн 17 ай түрмөдө жатып чыккан блоггер Эмин Милли: “Обаманын жеңиши баары бир АКШнын Азербайжандагы автократ президентке карата мамилеси өзгөрөт дегенди билдирбейт”, - деди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да Обаманы жеңиши менен куттуктап, Астана менен Вашингтондун стратегиялык кызматташтыгы уланат го деп үмүт артаарын айтты.

XS
SM
MD
LG