Гватемаланын Тынч океандын жээги жагында Мексиканын чек арасына жакын жердеги бөлүгүндө 7.4 баллга жеткен жер титирөөдөн имараттар кыйрап, ондогон адам өлгөнү, 155 киши жаракат алганы кабарланды. Зилзала Мехикодон Сан Сальвадорго чейин сезилгени кабарланууда. Адистер цунами коркунучу бар экенин эскертишкен.
Региондо зилзала мезгил-мезгили менен кайталанып турат. 1976-жылы бул аймакта күчү 7.5 баллга жеткен зилзаладан 20 миңдей адам өлгөнү айтылып жүрөт.
Региондо зилзала мезгил-мезгили менен кайталанып турат. 1976-жылы бул аймакта күчү 7.5 баллга жеткен зилзаладан 20 миңдей адам өлгөнү айтылып жүрөт.