Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Грецияда бюджеттик чыгымды кескин азайткан мыйзам кабыл алынды


Өкмөт бюджеттин чыгымын жалпысынан 13,5 миллард еврого кыскартууну пландап жатат. Буга ал пенсияга чыгуу мөөнөтүнүн узартуу, айлык акынын азайтуу жана салыктын көлөмүнүн көбөйтүү менен жетүүнү көздөөдө.

Шаршембиде парламентте добуш берүү жүрүп жаткан чакта көчөдө 70 миңдей киши демонстрацияга чыкты. Алар айлык акынын жана социалдык программалардын кыскартылышына нааразылык билдиришти. Демонстранттар полиция менен кагылыша кетишти.

Шейшембиден бери өлкөдө жалпы иш таштоо болгон. Греция азыр оор бюджеттик кризисти баштан кечирүүдө. Эл аралык каржылык колдоону алыш үчүн өкмөт бюджеттик чыгымдарды кескин кыскартуу жолуна барды.

XS
SM
MD
LG