Мухаммад пайгамбарды маскаралаган “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасынын артында турган адам Калифорнияда бир жылга түрмөгө отургузулду. 55 жаштагы Марк Басили Юсеф – египеттик копт христиандарынан болот. Ал мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуу боюнча эрежени бузганы үчүн сентябрдын этегинде кармалган.
АКШда бийликтер анын кармалышы фильмге эч байланышы жок деп келишкен. “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы интернетте жарыялангандан кийин мусулман дүйнөсүндө кескин нааразылыкты жаратып, кан төгүүлөргө алып келген эле.