Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Жолдошева: Баш прокурор Ташиевдин экспертизасы боюнча түшүндүрмө берсин


Баш прокуратура "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев боюнча жүргүзүлгөн экспертизанын себеби жана жыйынтыгы тууралуу ачык маалымат бериши керек. Мындай талап менен ушу тапта парламентте өтүп жаткан жайында "Ата-Журттан" депутат Жылдызкан Жолдошева чыкты. Экспертиза тууралуу жарыялоо менен Баш прокуратура Ташиевдин аброюна шек келтиргенин айтты.

3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен тергөө абагына эки айга камалган депутат Камчыбек Ташиевге карата соттук-психологиялык-психикалык экспертиза өткөрүлгөнүн, ошонун жыйынтыгында аны үй камагына которуу сунушу менен сотко кайрылганын Баш прокуратура 31-октябрда жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG