Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Москвада үч кыргызстандык кармалды


Москвада үч кыргызстандык кармалганын айрым орусиялык маалымат агенттиктер жазууда. 29 жаштагы кыргыз жараны жана анын эки шериги Москва парктарынын биринде орусиялык журналист кызга кол салып, зордуктады деген айып менен кармалганы айтылууда. Жабырлануучу "РИА Новости" агенттигинин кызматкери деген да кабар бар.

Азырынча бул окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен расмий маалымат түшө элек. Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева тиешелүү органдар менен иш жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG