Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Билим министрлиги: Чатырда окуган бир да мектеп жок


Учурда Кыргызстандын аймагында чатырда окуган бир да мектеп жок. Бул тууралуу ушу тапта парламентте өтүп жаткан жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү айтты. 1-сентябрга карата мындай мектептердин саны 14 болчу. Учурда алардын айрымдарында балдар үч нөөмөт менен окуп жатат, кээ бирлерин шарты ылайыкташкан жеке үйлөрдү ижарага алып окутуп жатышат. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым райондордо мектеп имараттары жарактан чыгып, балдар чатырда окуп жаткан. Баардык жерде алардын ордуна жаңы мектептер курулуп жатканын министрлик айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG