Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:58

Президент Атамбаев Барак Обаманы куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обаманы экинчи ирет мамлекет башчысы болуп шайланышы менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында:

"Кыргызстан менен АКШ ортосундагы өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери, өз ара урматтоо жана кыргыз-америка мамилелерин мындан ары кеңейтүүгө биргелешип багыт алуу, өз ара мамилени реалдуу мазмун менен байытуу мамлекеттерибиздин элдеринин кызыкчылыктарына жооп берет жана Борбордук Азияда экономикалык өнүгүүнүн милдеттерин практикалык жактан чечүүгө жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөөрүнө ишенем", - деп айтылат.

Барак Обама 6-ноябрдагы шайлоодо атаандашы Митт Ромнини жеңип, кайрадан президент болуп шайланган. (RK)

XS
SM
MD
LG