Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Өкмөт: Кышында электрди өчүрүүлөр болот


Келаткан кышта Кыргызстандын аймагында электрди өчүрүүлөр болот. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлдөрү бүгүн парламентте өтүп жаткан жыйында билдирди. Депутат Дастан Бекешов буга чейин өкмөт эч кандай өчүрүүүлөр болбойт деп убада бергенине карабастан, Бишкек тургундарына жарык өчүрүлүшү мүмкүн деген баракчалар таратылып жатканын айтты.

Энергетика тармагын тейлеген адистердин айтымында, өчүрүүлөр болот, себеби бул техникага байланыштуу. Техника сынып, жарактан чыгып калышы мүмкүн, ошондой учурда жарык өчүрүлөт. Бирок маал-маалы менен атайылап өчүрүү болбостугу айтылды.

Былтыр кыш катуу болуп, элдин баары жылыткыч сайганда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө электр жабдуусу жарактан чыгып, бир нече күндөп адамдар жарыксыз, жылуулуксуз калган. Айласы кеткендер көчөгө чыгып, нааразылык акцияларын уюштурган. (RK)

XS
SM
MD
LG