Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:48

Балдары ВИЧке кабылган энелер митингге чыкты


Жогорку Кеңештин алдына бүгүн балдары ВИЧке кабылган энелер митингге чыкты. Алар мамлекеттен балдарына төлөнгөн жөлөкпулду көбөйтүүнү, үйүнөн кубаланып, балдары менен үй-жайсыз калгандарга жай берүүнү талап кылышууда.

Президентке, парламентке,саламаттыктыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясына кайрылышканын, бирок жооп болбогонун "Азаттыкка" билдирди.

Энелер Ош облусунан келгенин, балдарынын айыккыс илдетке чалдыгышына оорукана кызматкерлери күнөөлүү экенин айтууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG