Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

БУУ: Кыргызстанда тамак-аш жетпегендердин саны өсүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын калктын аялуу катмарларына жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Кейго Обара билдирди.

Анын айтымында, программа алкагында сентябрда жүргөзгөн сурамжылоодо калктын 25 пайызга жакыны же 1 миллион 300 миңден ашык адам зарыл өлчөмдө азык-түлүк менен камсыз эмес экени аныкталган. Буга чейин тамак-аш жетпеген бөлүк калктын 19 пайызы деп эсептелип келген.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү азык-түлүк жетишпеген катмардын көбөйүшүнө акыркы мезгилде дүйнөдөгү тамак-аш баасынын өсүп кеткени жана быйылкы түшүмдүн начардыгы себеп болгон. Мындан улам Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү кыргыз бийликтерин азык-түлүк коопсуздугу боюнча абалга көңүл буруп, чечкиндүү чара көрүүгө чакырууда. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG