Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясынын полициясы террорчулар жолдо кармаган чакан автобусту жардырып, андагы он адам набыт болгонун маалымдады. Каза тапкандардын төртөө аялдар, бирөө ымыркай болгону кабарланууда. Ушул эле күнү Ооганстанда туташ жардыруудан улам 8 аскер кызматкери набыт болгон эле. Андан көп өтпөй Кандагар шаарындагы полициянын бекетинде жанкечтинин жардыруусунан дагы үч полиция көз жумган. Лагман провинциясында аскерлер бараткан чоң автоунаа жарылып, анда дагы 5 аскер каза тапкан.