Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңеш менен соттошуп жаткан укук коргоочуларды жактаган чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган бейөкмөт уюмдун өкүлү Азамат Адилов билдирди. Анын айтымында, шаардык сот Жогорку Кеңештин доо арызын канааттандыруудан баш тартып, буга чейин район аралык сот чыгарган чечимди күчүндө калтырды.
Быйыл жыл башында жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңеш депутаттарынын алган айлык маянасы тууралуу маалыматты ачыктоо максатында парламент аппаратына кайрылган. Бирок парламент мындай талап мыйзамсыз деп, тараптар сотто беттешкен.
25-июлда район аралык сот укук коргоочулардын талабы жүйөлүү деген чечим чыгарган. Бирок Жогорку Кеңеш доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу. (RK)