Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

"Бета-Сторесте" бомба коюлган деген маалымат такталууда


Бүгүн кечки саат бештер чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Чүй жана Жунусалиев көчөлөрүндөгү “Бета-Сторес” дүкөндөрүнө бомба коюлду деген маалымат түшкөн. Ошол замат эки дүкөндүн сатуучулары жана кардарлары толугу менен эвакуацияланышты.

Ушул тапта аталган дүкөндөрдө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кинологдору издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

22-октябрда да ушул элек дүкөндөргө жардыргыч зат коюлган деген маалымат жалган болуп чыккан эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG