Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Журналисттерди коргоо комитети президент Атамбаевге кайрылды


Кеңсеси АКШнын Нью-Йорк шаарында жайгашкан “Журналисттерди коргоо” комитети азыр абакта жаткан кыргызстандык укук коргоочу, журналист Азимжан Аскаров басма сөз эркиндигине арналган сыйлыктын лауреаты болгонун маалымдады. Аталган комитеттин президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон кайрылуусунда “бийликтин өкүмзордугун ашкерелеп, өмүрүн тобокелге салган 4 журналист сыйлыкка татыктуу болду. Алар Кытайдан, Либериядан, Бразилиядан жана Кыргызстандан. Ошолордун бири - Азимжан Аскаров", - деп жазылган.

Теги өзбек укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда Базар-Коргон районунда "массалык башаламандык уюштурган", "киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган эле. Журналисттерди коргоо комитети Аскаров күнөөсүз болгонун, ал тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин кылмыштарын ашкере кылганы үчүн ушундай оор жазага кабылганын белгиледи.

“Сиз өз укугуңузду пайдаланып, Азимжан Аскаровду токтоосуз бошотуп, аны абакта кыйнагандарды жоопко тартышыңызды суранабыз”,-деп айтылат президентке жолдонгон кайрылууда.

Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун күнөөсү тергөөнүн жүрүшүндө, райондук жана облустук сотто далилденгенин билдирип келет. (JAk)

XS
SM
MD
LG