Өлкөнүн коопсуздук боюнча расмий өкүлдөрү кабарлашкандай, окуя кечээ Карачи шаарында болгон. “Ранжерс” деген жарым-жартылай аскерлешкен коопсуздук кызматынын дагы 20 өкүлү окуяда жарадар болду. “Ранжерс” кызматы өлкөдөгү козголоңчу топторду аңдып, Карачи полициясына шаардагы коопсуздукту камсыз кылууда жардам бериш үчүн түзүлгөн.
Аталган кызматтан билдиришкендей, жанкечти дүрмөттөлгөн машинесин “Ранжерстин” адамдары жашаган аймакка алып кирип бараткан жерде жарылып кеткен. Окуяга күбө болгон бир топ киши да жаракат алышканы кабарланууда. Азырынча бул жардыруунун артында ким турганы белгисиз. Негизи түштүктөгү Карачи порту диний, этникалык жана саясий араздашуулардан чыккан зордук-зобун такай болуп турган аймак катары белгилүү.