Бир сааттан ашык “коюлган” делген жардыргыч затты издөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин "Бета-Сторес" дүкөндөрү кайрадан кардарлар үчүн эшигин ачты. Кечээ саат 17:00дө милициянын күзөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Чүй жана Жунусалиев көчөлөрүндөгү “Бета-Сторес” дүкөндөрүнө бомба коюлду деген маалымат түшкөн. Маалымат алынар замат эки дүкөндүн сатуучулары менен алуучулары толугу менен эвакуацияланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кинологдору издөө иштерин жүргүзгөн.
Ушуну менен аталган дүкөнгө “бомба коюлду” деген маалымат экинчи ирет жалган болуп чыгууда. 22-октябрда да ушул эле дүкөндөргө жардыргыч зат коюлган деген маалымат жалган болуп чыккан эле.
"Бета-Сторес" дүкөндөрү түркиялык ишкерлерге таандык. Аталган дүкөндөрдүн соода түйүндөрүн жергиликтүү соодагерлер да ижарага алып иштетишет. (ZKo)