Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

Freedom House: Аялдар түрмөсүндө 87 жаштагы кемпир бар


Ошондой эле абакта балалуу тогуз аял жатат, аларга балдары менен жабык жайда жашоого жакшы шарттар түзүлгөн. Бул маалыматтарды адам укугун коргоочу "Фридом Хаус" уюму Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн жана аялдардын абакканаларына баргандан кийинки отчетунда жарыялады. Отчетто бул абактардагы абал мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жакшырганы да белгиленип, өспүрүмдөр колониясында эркинен ажыратылгандардын саны да кыйла азайганы, сексуалдык мүнөздөгү кылмыш кылгандар өзүнчө камалаары айтылган.

Ал эми эркинен ажыратылган 300 аял кармалган түрмөдө тигүү цехи иштээри белгиленген.

Ошентсе да уюм бул жабык жайлардагы медициналык жардам көрсөтүүчү, билим берүүчү жана реабилитациялоочу түйүндөрдү оңдоо үчүн каражат зарылдыгы айтылган.

Кыргызстандагы жалпы жабык жайларда он миңге чукул киши отурат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG