Кыргызстан менен Германия өкмөттөрүнүн ортосундагы каржылык-техникалык кызматташтык боюнча келишимге кол коюлат. Документке экономика министри Темир Сариев жана Германиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Гурдун Срэга кол коюшат. Бул келишимге ылайык, немис өкмөтү эки тараптуу кызматташуу боюнча долбоорлорго 26 млн. евро бөлөт. Бул каражат Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарын жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалат деп маалымдайт Экономика министрлиги. Бул каржат кандай шартта берилип жатканы азырынча кабарлана элек.
Германия менен Кыргызстандын дипломатиялык кызматташтыгына быйыл 20 жыл болду. (ZKo)
Германия менен Кыргызстандын дипломатиялык кызматташтыгына быйыл 20 жыл болду. (ZKo)