Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:40

Көлдө адам өлтүрдү делген айдоочу кармалды


Ысык-Көл облусунда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына күнөөлүү делген адам кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл районунун Ананьево айылында май куйуучу бекеттин жанынан 25-30 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында аны машинасы менен сүзүп кетти делген адам - 37 жаштагы Кашат айылынын тургуну, "Мерседес-Спринтер" унаасынын айдоочусу экени аныкталды. Каза тапкан адам ошол эле райондун Жаркынбаев айылынын тургуну экени белгилүү болду.

Быйыл тогуз айда Ысык-Көл облусунда жолдо жүрүү эрежесин бузуп, айдоочу кылмыш жасаган жерден качып кеткен 12 факт катталган, 3 адам мерт болгон. 9 окуя боюнча ачылган кылмыш иштин бети ачылган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG