Ош шаарында эки окуучу бала жол кырсыгында мерт кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык жол коопсуздук башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Рашид Сыдыков билдирди. Анын айтымында, "Хюндай" унаасынын айдоочусу жол боюнда бараткан эки баланы коюп кеткен. Экөө тең ооруканага жеткирилген, бирок эсине келе албай жан берген. Кылмышка шектүү делген айдоочу кармалды. Учурда ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында сурак берип жатат.
Республикалык жол коопсуздук башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Кылычбек Мурзалиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, быйыл балдар жабыркаган жол кырсыктарынын саны былтыркыга караганда жогору. Тогуз айда 867 бала кырсыкта жабыркап, алардын 97син сактап калуу мүмкүн болбой калды. Былтыр ошол эле тогуз айда кырсыктаган 732 баланын 87синин өмүрү кыйылган.(BkA/RK)