Ысык-Көл облусунда өз уулун бычактады делген жаранга тагылган айып өзгөртүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, алгачкы айып Кылмыш кодексинин денеге өзгөчө мыкаачылык менен залал келтирүү боюнча беренесинин негизинде коюлган. Бирок анда жабыркаган бала тирүү болчу. Тилекке каршы, баланын жанын сактап калуу мүмкүн болгон жок. Ошондуктан кылмыш иш кайрадан адам өлтүрүү боюнча берененин негизинде козголду.
5-ноябрда Барскоон айылында 38 жаштагы адам мас болуп алып өзүнүн эки жашар наристесин бычактап салган. Бала ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Бир күндөн кийин жан берген. (MK/RK)
5-ноябрда Барскоон айылында 38 жаштагы адам мас болуп алып өзүнүн эки жашар наристесин бычактап салган. Бала ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Бир күндөн кийин жан берген. (MK/RK)