Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Кыргызстан ECOSOC уюмуна мүчө болду


Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык кеңешине (ECOSOC уюму) мүчө болуп шайланды. Мындай чечим 8-ноябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында бир добуштан кабыл алынганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Бул орунга Кыргызстан менен катар дагы төрт өлкө – Түркмөнстан, Непал, Кувейт жана Сауд Арабиясы талапкер болгон. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында БУУга мүчө өлкөлөрдүн 164ү Кыргызстанды колдоду.

ECOSOC уюму дүйнөдөгү орчундуу экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн. Ага 54 өлкө мүчө. Ар бири үч жылдык мөөнөткө шайланат. Кыргызстандын мүчөлүгү 2013-жылдын 1-январында башталат. (RK)

XS
SM
MD
LG