Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Өзбекстан соту МТС уюлдук оператору боюнча мурдагы чечимин өзгөрттү


Ташкенттен түшкөн кабарларга караганда, шаардык сот МТС боюнча быйыл сентябрда чыккан токтомун өзгөрттү.

Эми ушул жума күнкү чыккан чечимге ылайык, Орусиянын мобилдик байланыш боюнча эң ири компаниясынын Өзбекстандагы туунду ишканасы – “Уздунробита” салыктан качканы үчүн 600 миллион доллар айып төлөшү керек.

Өзбек сотунун мындай чечими Москвада тергөө органдары президент Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын 10 миллион доллардык батирин камакка алгандан кийин чыкты.

Орус тарап мындай кадамга МТСтин мүлкү Өзбекстанда камакка алынышына байланыштуу аларда башталган тергөөнүн алкагында барган.

Быйыл сентябрда Ташкенттин соту МТСтин туунду ишканасынын төрт менеджерин үч жылга шарттуу кесип, анын болгон активдерин конфискациялоо боюнча чечим чыгарган эле.

МТСтин Өзбекстандагы бөлүмү - “Уздунробита” мурда Гүлнара Каримовага карачу. Ал аны МТСке 2004-жылы саткан. (UE)

XS
SM
MD
LG