Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Сирия оппозициясы биригүүгө карай кадам таштоодо


Оппозиция лидерлеринин айтымында, алар лидерлер тобун кеңейтүүнү макулдашуу маселесинде жылыш жасашты.

Топтун курамы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр ушул жума күнү Катардын борбору Дохада өтөрү күтүлүүдө.

Кошмо Штаттар жана Сирия оппозициясынын Батыш менен араб дүйнөсүндөгү союздаштары оппозициянын президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларды, активисттерди камтыган жаңы, кеңейтилген жетекчилиги куралышын колдошууда.

Ал топ аскерий аракеттерди, гуманитардык жардам таратылышын координациялап, өткөөл өкмөт курууга камынуусу абзел.

Оппозициянын башкы уюмдарынын бири – Сирия Улуттук кеңеши да жаңы жетекчилигин шайлоо үчүн бул аптада Дохага жыйналууда.

Бирок бул топ өлкөдөн сыртта жүргөндөр үстөмдүк кылат деп сынга алынгандыктан, ал жаңы бирикмени башкарары күтүлгөн жок. (UE)

XS
SM
MD
LG